# Ак-Тал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 23/5 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 23/5 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/5
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74774/edition/1169345/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 23/5 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө" токтому (30.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530886

---

АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII-сессиясы

2019-жылдын 30-декабры № 23/5 Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк Кодекси”, “Кыргыз Республикасынын Граждандардын абалын каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндө Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Ак-Тал айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткаруу Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Байбагышова Майрамкүл Мураткановна бекитилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.

4.Бул токтом Ак-Тал айыл өкмөт сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кеңештин төрагасы:

М.Сулайманов
