Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчүлүк иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 сентября 2008 года № 527 "О совершенствовании научного обеспечения и улучшения инновационной деятельности в животноводстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-09-23.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-сентябрындагы № 527 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 5-январы № 7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы
илимий-изилдөөчүлүк иштерди жана
консультациялык кызматтарды
өркүндөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 27-сентябрындагы N 657 токтомунун,
2002-жылдын 4-ноябрындагы N 735 токтомунун,
2003-жылдын 17-октябрындагы N 654 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы
"Кыргыз агрардык академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" Указына ылайык жа-
на республиканын экономикасынын агрардык секторундагы или-
мий-изилдөөчүлүк иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү
максатында жана "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык сая-
саттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-стать-
ясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдында Агрардык илим жана консультациялык кызматтар
борбору анын курамына кошуу менен түзүлсүн:
- Кыргыз илим-изилдөө дыйканчылык институтунун жана Кыргыз
илим-изилдөө топурак таануу жана агрохимия институтунун базасында алар-
дын структуралык бөлүмдөрү менен кошо түзүлүүчү Кыргыз илим-изилдөө
дыйканчылык институту;
- Кыргыз илим-изилдөө мал чарбачылык институтунун, Кыргыз
илим-изилдөө контролдук ветеринариялык институтунун жана Кыргыз
илим-изилдөө жайыттар жана тоюттар технологиялык институтунун базасында
алардын структуралык бөлүмдөрү менен кошо түзүлүүчү Кыргыз илим-изилдөө
мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар институту;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Суу чарба департаментине кирген Кыргыз илим-изилдөө
ирригация институту;
- Кыргыз илим-изилдөө агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр
жайы институту;
- Республикалык илимий айыл чарба китепканасы;
- "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясы.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Агрардык билим жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр
борборуна Республикалык илимий айыл чарба китепканасынын ишин жетектөө
жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-ноябрындагы N 735
токтомунун, 2003-жылдын 17-октябрындагы N 654 токтомунун редакцияларына
ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат-
тар борбору жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат-
тар борбору жөнүндө бекитилген жобого ылайык илимий-изилдөө институтта-
рын өзгөртүп уюштуруу маселелерин белгиленген тартипте чечсин;
- эки айдын ичинде илимий-изилдөө институттарына таандык структу-
ралык бөлүмдөрдү инвентаризацияласын жана алардын өз статустарына ыла-
йыктыган аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат-
тар борборунун аппарат кызматкерлеринин санынын чеги Кыргыз Республика-
сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ассиг-
нованиелеринде каралган 2195,3 мињ сомдун чегинде, анын ичинде 999,6
мињ сом эмгек акы төлөө фонду менен 15 адам өлчөмүндө белгиленсин.
Агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр жайынын Кыргыз или-
мий-изилдөө институтунун (КНИИАЭПП) кызматкерлеринин жогорку саны,
аларды күтүүгө 2 млн сомдун чегинде, анын ичинде 838 мињ сом акы төлөө
фонду менен 39 адам өлчөмүндө белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-сентябрындагы N
657 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2002-жылга республи-
калык бюджетте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультаци-
ялык кызматтар борборунун ведомстволук структураларын кармоого зарыл
ассигнованиелерди белгиленген тартипте караштырсын.
Кайрадан түзүлгөн агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр жайы-
нын Кыргыз илимий-изилдөө институту үчүн республикалык бюджеттен 2 млн.
сом суммасында каражат бөлүп берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-сентябрындагы N
657 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплекси жана жаратылыш-
ты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти…Постановление · 23.09.2008 · № 527
- Положение о Центре аграрной науки и консультационных служб при Министерстве сельского, водного хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики(Утверждено…Положение · 05.01.2002 · № 7
- Постановление Правительства КР от 27 сентября 2002 года №657 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 5 января 2002 года N 7 "О…Постановление · 27.09.2002 · № 657 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 ноября 2002 года №735 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 5 января 2002 года №7 "О…Постановление · 04.11.2002 · № 735 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти…Постановление · 23.09.2008 · № 527
- Указ Президента КР от 31 октября 2001 года УП № 315 "О реорганизации Кыргызской аграрной академии"Указ · 31.10.2001 · № 315
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуЗакон · 15.04.1994 · № 1485-XII · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.