# Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августундагы № 13 "Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августундагы № 13 "Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74729/edition/1167219/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августундагы № 13 "Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө" токтому (27.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530841

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы

2021-жылдын 27-августу № 13 Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) IV – кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Мамаев Маматкасымга менчигинде турган коду № 5-06-11-1001-2820 турак жай багытындагы жер участкасын соода-сатык, элди тейлөөчү ишканалар багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.

2. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын негизинде тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.

3. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы

Жумаев Б.Э.
