# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 839
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8076/edition/320578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө"токтому (23.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53073

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 31-декабры N 839

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик,

башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарын тейлөөдө

иштеген кызматкерлердин

эмгек акы шарттары

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин

эмгек акы шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген техникалык кыз-

маткерлердин эмгек акы шарттары жана белгилүү убакыт иштегендиги үчүн

кошумча төлөөлөрдүн өлчөмү N 1 жана N 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы ТКП кызматкерлеринин

(тейлөөчү кенже персоналдын) кызматтык маяналары N 3 тиркемеге ылайык

бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине:

- ишти сапаттуу аткаргандыгы үчүн кызматкерлерге кызматтык маяна-

нын 50% өлчөмүнө чейин кошумча төлөөнү белгилөөгө;

- кызматкерлерге сый акы берүүгө, бул максатка эмгек акынын төрт

айлык фондусунун өлчөмүндө каражаттарды жумшоого;

- кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүүгө, бул максатка эмгек

акынын эки айлык фондусунун өлчөмүндө каражаттарды жумшоого укук берил-

син.

4. Эмгек акы төлөөнүн жањы шарттарынын киргизилишине байланыштуу

кошумча чыгымдар 2002-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюдже-

тинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлсүн.

5. Төмөндөгүлөр:

- "Мамлекеттик бюджеттин эсебинен күтүлгөн аткаруу бийлигин жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкер-

лердин айрым категорияларынын эмгек акы шарттарын тартипке келтирүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-октябрындагы N

458 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу орган-

дарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-октябрындагы N 641 токто-

му;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу орган-

дарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-декабрындагы N 762 токтому

күчүн жоготту деп табылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Респуб-

ликасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана

социалдык жактан коргоо министрлигине жүктөлсүн.

7. Бул токтом 2002-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Биринчи вице-премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 31-декабрындагы

N 839 токтомуна

N 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик,

башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарын тейлөөдө

иштеген кызматкерлердин

эмгек акы шарттары

1. I категориядагы инженерлердин, II категориядагы инженерлердин

жана инженерлердин (программисттердин) кызматтык маяналары башкы адис-

тердин, жетектөөчү адистердин жана адистердин дењгээлинде белгиленет.

2. Администрациялык-чарбалык бөлүмдүн башчысынын кызматтык маянасы

жетектөөчү адистердин дењгээлинде белгиленет.

3. Жетекчинин катчысынын, чарба башчысынын, машина бюросунун баш-

чысынын жана көчүрүп-көбөйтүүчү бюронун башчысынын кызматтык маяналары

адистин (I категориядагы адистин) кызматтык маянасынан 10-15%ке төмөн

белгиленет.

4. Иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн, архивариустун, коменданттын, кампа

башчысынын, машинистка катчынын, стенографистканын, диктофондук кызмат-

тын машинисткасынын, көчүрүп-көбөйтүүчү техниканын, ЭЭМ (ПЭМ) операто-

рунун кызматтык маянасы адистин (I категориядагы адистин) кызматтык ма-

янасынан - 20-25%ке төмөн белгиленет (\*).

(\*) Кызматтык маяналар "Мамлекеттик кызматчылардын эмгек акы шарт-

тары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-авгус-

тундагы Указынын тиешелүү тиркемелеринде аныкталган.

Премьер-министрдин

Аппарат Жетекчиси - Министр К.Укулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 31-декабрындагы

N 839 токтомуна

N 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик,

башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген

техникалык кызматкерлерге белгилүү

убакыт иштегендиги үчүн

кошумча төлөөлөр

| Иш стажы | Проценттер |
| --- | --- |
| Бир жылдан үч жылга чейин | 5 |
| Үч жылдан беш жылга чейин | 10 |
| Беш жылдан он жылга чейин | 15 |
| Он жылдан он беш жылга чейин | 20 |
| Он беш жылдан жыйырма жылга чейин | 25 |
| Жыйырма жылдан жыйырма беш жылга чейин | 30 |
| Жыйырма беш жылдан жогору | 40 |

Премьер-министрдин

Аппарат Жетекчиси - Министр К.Укулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 31-декабрындагы

N 839 токтомуна

N 3 тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик,

башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген

ТКП кызматкерлеринин (тейлөөчү

кенже персоналдын) кызматтык

маяналары

| N | Кызматтардын жана кесиптерднн аталышы | Маяна |
| --- | --- | --- |
|  |  | (сом) |
| 1 | Жењил автомобилдин айдоочусу | 500 |
| 2 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 600 |
| 3 | Транспорттук жыйноочу машиналардын, электр жана авто | 450 |
|  | чиркегичтердин айдоочусу |  |
| 4 | Жүк ташуучу | 400 |
| 5 | Кийим илгич, кароолчу (вахтер), лифтер | 400 |
| 6 | От жагуучу, короо шыпыруучу | 350 |
| 7 | Кампачы | 450 |
| 8 | Курьер, кастелянша | 350 |
| 9 | Багбан | 400 |
| 10 | Документтерди тыштоочу | 400 |
| 11 | Имараттарды тейлөө жана күндөлүк оњдоо боюнча жумушчу; | 350 |
|  | калктуу коњуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу |  |
| 12 | Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик | 450 |
| 13 | Кызматтык имараттарды, аймактарды жыйноочу | 350 |
| 14 | Сүрөтчү | 450 |

Эскертүү:

1. Автомобилдердин айдоочуларына нормаланбаган жумушчу күнү үчүн

айдоочу катары иш жүзүндө иштеген мезгил үчүн маянанын 25% өлчөмүндө

кошумча төлөнөт.

2. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик ставканын 50%

өлчөмүндө кошуп төлөө белгиленет.

3. 4-разряддагы жумушчулар үчүн кесиптик чеберчилиги үчүн - тие-

шелүү маянанын 15%и, 5-разряддагы жумушчу үчүн - 20%и жана 6-разряддагы

жумушчу үчүн - 25%н өлчөмүндө диферренцияланган кошумча төлөө белгилен-

син.

Премьер-министрдин

Аппарат Жетекчиси - Министр К.Укулов
