# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү маселелери боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү маселелери боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74615/edition/1166571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/530726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү маселелери боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (26.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530726

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2022-жылдын 26-майы № 33 Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү маселелери боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерин жана 70-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 54 “Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтому;

3) Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-июлундагы № 111 “Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө жана Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

4) Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 170 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте типтүү түзүмдү жана штаттык расписаниени бекитсин.

3. Ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы

К.К. Конгантиев
