# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 54-28 "Кошумча акы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 54-28 "Кошумча акы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54-28
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74577/edition/1162255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/530609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 54-28 "Кошумча акы жөнүндө" токтому (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530609

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 13-январы № 54-28 Кошумча акы жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин катын жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын профсоюз комитетинин чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 мыйзамынын 3-пунктуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2022-жылдын 1-январынан тартып жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин төмөнкү муниципалдык кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө эмгек акысына кошумча акы төлөп берүүгө уруксат берилсин:

- башчыга – 50%;

- башчынын орун басарына, жооптуу катчыга – 30%;

- ФЭБнун жетекчисине, башкы жана жетекчи адистерге – 30%;

- Аскердик-эсепке алуу столунун адистерине жана инспекторлоруна – 30%.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Филимоненко
