Аламудун айылдык кеңешинин «Аламүдүн айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн көзөмөлчүлүк кеңешин тандоо жана түзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 13-январы № 53-28 Аламүдүн айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн көзөмөлчүлүк кеңешин тандоо жана түзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамына ылайык, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатын, ишинин ачыктыгын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн көзөмөлчүлүк кеңешин тандоо жана түзүү боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А. Филимоненко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөЗакон · 30.05.2014 · № 81