Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Кыргыз-ата айылдык кеңешинин «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) жетинчи сессиясы 2022-жылдын 22-янвры № 7-8 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1- январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүндөгү бухгалтердик эсепти жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобого” ылайык алып барылсын. Ар түрдүү демөөрчүлүк (спонсордук), гуманитардык жана башка булактардан алынган материалдык баалуулуктар бухгалтердик эсепке алынып, баланска кириштелсин.
2. Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекетттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 5-жана 26-беренелеринин, 21-беренесинин 3-пункту, 29-беренесинин 7-пункттары так аткарылсын.
3. Электр энергиясын пайдаланууда бюджеттик жоготууларга жол берилбесин, бюджеттик жоготууга жол берген тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчилиги каралсын.
4. Кызматтык автоунааны пайдаланууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген кызматтык автоунаага сарпталуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын ченемдери сакталсын, ашыкча чыгымдоолорго жол берилбесин.
5. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмесинде бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүү Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин экономика, бюджет,салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын.
Кошумча эсептелинген 68,4 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрү жана 22,6 миң сомдук киреше салыгы, Социалдык фонддун жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө ЖПБ 2021-жылдагы киреше эсебинен кайтарылсын.
6. Айыл өкмөттүн бухгалтердик эсебин жүргүзүү автоматташтырылган программа 1С-Бухгалтерия өткөрүлсүн, “Алан Групп” ЖЧК менен кайрадан эсептешүүлөрдү жүргүзүп, өз максатына жетпей чыгымдалган 37,2 миң сомдук кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүү чаралары көрүлсүн.
7. Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн жалпы жыйынында талкууланып, катачылыкка жана кемчилдикке жол берген айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Женишбай у. Э
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрилигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү…Приказ · 25.12.2018 · № 137 · Күчүн жоготкон