# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августу №4-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августу №4-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4-1
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74497/edition/1135837/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августу №4-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө токтому (27.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530510

---

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ 2021-жылдын 27-августу №4-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ №278 “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнундө” Жарлыгын негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штат бирдигинин санын кыскартуу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасынын 30-июль 2021-жылдагы тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнундө” №278 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага: Т.Джороев
