# Беловолдск айылдык кеешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 9 «Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Беловолдск айылдык кеешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 9 «Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74487/edition/1134968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/530500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловолдск айылдык кеешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 9 «Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» токтому (30.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530500

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 30-июлу № 9 «Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылындагы 7-июнь № 3-4/933 Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Москва райондук өспүрүм балдардын спорттук мектебин (мындан ары-ӨБСМ) кабыл алуу жөнүндө катын жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Москва райондук өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин (мындан ары - ӨБСМ) жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо, тейлөөчү кызматкерлер жок (техникалык кенже тейлөө кызматкерлери жана тренер курамы) жана ошондой эле дебитордук жана кредитордук карыздары жок кабыл алуу жөнүндө суроосун Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте кароого макулдук берилсин.

2. Жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо ӨБСМ комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп табылсын.

3. Жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо ӨБСМ комплексин алгачкы максаттуу багыты боюнча пайдалансын.

4. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылындагы 8-октябрь № 608 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктин объектилерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык иш-чарасын алып барсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж Алыбековго жүктөлсүн

Төрайым

А. Иманкулова
