# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 2 “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө”2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 2 “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө”2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2021
- Редакциянын күнү: 23.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74142/edition/1108730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/530133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 2 “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө”2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (23.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530133

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 2 “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37, 39-беренелерине ылайык, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – берененин 2 – пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 18-октябрындагы “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө” № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөнкүдөй редакциялансын:

1-пункттагы “кичи автобуста саат 6.00дөн 19.00гө чейин 13.00 сом” деген сөз алынып “15.00 сом” алмаштырылсын;

– «кичи автобуста саат 19.00дөн 19.30га чейин 15, 00 сом» деген сөздөр алып салынсын;

3-пункттагы “7,00 сом” деген сөз “10,00 сом” деген сөз менен алмаштырылсын;

– “I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” “III “ деген сөз алып салынсын;

– “балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары)” сөздөрдүн ордуна «1-класстан 5-класска чейинки (5 класстагы окуучулар эсептелет) мектеп окуучулары үчүн” деп жазылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; өнөр жай, курулуш, транспорт жана чакан жана орто бизнестин кызматтары, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ММКга.

Кеңештин төрагасынын орун басары

Р. Джолдошбаев
