Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө”2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 2 “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37, 39-беренелерине ылайык, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – берененин 2 – пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 18-октябрындагы “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө” № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөнкүдөй редакциялансын:
1-пункттагы “кичи автобуста саат 6.00дөн 19.00гө чейин 13.00 сом” деген сөз алынып “15.00 сом” алмаштырылсын;
– «кичи автобуста саат 19.00дөн 19.30га чейин 15, 00 сом» деген сөздөр алып салынсын;
3-пункттагы “7,00 сом” деген сөз “10,00 сом” деген сөз менен алмаштырылсын;
– “I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” “III “ деген сөз алып салынсын;
– “балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары)” сөздөрдүн ордуна «1-класстан 5-класска чейинки (5 класстагы окуучулар эсептелет) мектеп окуучулары үчүн” деп жазылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; өнөр жай, курулуш, транспорт жана чакан жана орто бизнестин кызматтары, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ММКга.
Кеңештин төрагасынын орун басары
Р. Джолдошбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154