# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021 жылдын 08-апрелиндеги №01 "Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021 жылдын 08-апрелиндеги №01 "Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/530122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74131/edition/1130102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/530122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021 жылдын 08-апрелиндеги №01 "Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому (29.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/530122

---

Кара-Балта шаардык кенешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 02 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАРА БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2021 жылдын 08-апрели №01 Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КБШКнын регламентин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаарындагы Н.И.Пирогова атындагы Медициналык колледжинин мүдүрү Ж.К. Сариеванын жазуу жүзүндөгү жана Кара-Балта шаарындагы медициналык билим берүү мекемелеринин студенттеринин кайрылуусунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык, анда шаардык кеңеш жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартиби коюлат, Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 24-пункту, ошондой эле саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2021-жылдын 29-мартындагы №3 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл районунун жалпы дерыгерлик практика борбору (ЖР ЖДПБ) Кара-Балта шаарынын медициналык билим берүү мекемелеринин студенттерин практикалык окутуу үчүн клиникалык база менен камсыз кылсын.

2. Жайыл райондук жалпы медициналык практика борборунун (ЖР ЖДПБ) жетекчилиги саламаттыкты сактоо уюмунун практикалык иш-аракеттер боюнча өз ара аракеттенүүсү максатында Кара-Балта шаарынын жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү мекемелери менен студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн келишим түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча ТДКга жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДК, мэрияга, ЖР ЖДПБ, ИП МК

Шаардык кеңештин төрагасы:

А. Байсариев
