# Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 775
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8028/edition/320477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө"токтому (06.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53009

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 10-декабры № 775

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана

мектептен сырткаркы мекемелеринин

материалдык-техникалык жана окуу базаларына

колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун

катышуусу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2006-жылдын 25-августундагы № 619,

2009-жылдын 6-майындагы № 277

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Мектепке чейинки, мектептен сырткаркы билим берүү системаларынын

материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүү, бул ишке

ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана кењири коомчулуктун катышуу

формаларын оптималдаштыруу үчүн кошумча каржылоо булактарын тартуу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелердин матери-

алдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ыктыярдуу не-

гизде төмөнкү өлчөмдөгү жыл сайын алынуучу ата-энелердин взносу кирги-

зилсин:

- айыл жерлеринде - бир окуучуга (тарбиялануучуга) 340 сом;

- шаар жерлеринде - бир окуучуга (тарбиялануучуга) 544 сом.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын

6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелерде ушул ток-

томдун 1-пунктунда каралган ата-энелердин взносунан башка акча каражат-

тарын алууга тыюу салынсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №

619 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билим берүү мекеме-

лерине атайын каражаттар (ата-энелердин взносу) боюнча накталай акчаны

биринчи кезекте бөлүүнү камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын

6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы

мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсө-

түүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө жобону бекитсин;

- ата-энелердин взносун эсепке алууну жана сарптоону тартипке кел-

тирүү максатында аларды казыначылык системасынан четтеп өтүп пайдалану-

уга жол бербесин;

- республиканын билим берүү мекемелеринде ата-энелердин взностору-

нун максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

- ата-энелердин взносторунун өлчөмүн көбөйтүү фактылары үчүн билим

берүү башкармалыктары менен мекемелеринин райондук (шаардык) органдары-

нын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтери ээлеген кызматынан бошотулган-

га чейин күчөтүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын

6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылытын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырыл-

сын.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтомунун редакциясы-

на ылайык)

7. Бул токтом жарыяланган учурдан баштан күчүнө кирет.

Премьер-министр К.Бакиев
