# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 577
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8024/edition/817946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтому (18.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53005

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-октябры № 577 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-апрелиндеги № 243 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
