335-статья
Күчүндө · 29.04.1997 редакциясы
төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"335-статья. Күрөөгө коюлган мүлккө карата өндүрүп алуунун тартиби
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун (кредит берүүчүнүн) талаптары соттун чечими боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн наркынын эсебинен канааттандырылат.
Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен сотко кайрылуусуз канааттандырууга, күрөө предметине карата өндүрүп алуу үчүн негиздер пайда болгондон кийин күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун негизинде жол берилет.
2. Эгерде мыйзамда же күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун макулдашуусунда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун талаптары соттун чечими боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен канааттандырылат.
Эгерде мыйзамда башкача тартип белгиленбесе, күрөө кармоочуга берилген күрөө предметине карата өндүрүп алуу күрөө жөнүндөгү келишимде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Күрөө предметине карата өндүрүп алуу төмөндөгүдөй учурларда:
1) күрөө жөнүндө келишим түзүү үчүн башка адамдын же органдын макулдугу же уруксаты талап кылынганда;
2) күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий дөөлөткө ээ болгон мүлк болуп саналса;
3) күрөө берүүчү жок болсо жана анын турган жерин аныктоо мүмкүн болбосо соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн".
Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаев
1997-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 29.04.1997 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
335-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/529/st-335" title="335-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>