# Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 29.04.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.1997
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-498/edition/507302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/529.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.1997 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (29.04.1997 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/529

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1997-жылдын 29-апрели № 29

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) биринчи бөлүгүнүн 19-главасына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [335-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/529/st-335)

төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"335-статья. Күрөөгө коюлган мүлккө карата өндүрүп алуунун тартиби

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун (кредит берүүчүнүн) талаптары соттун чечими боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн наркынын эсебинен канааттандырылат.

Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен сотко кайрылуусуз канааттандырууга, күрөө предметине карата өндүрүп алуу үчүн негиздер пайда болгондон кийин күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун негизинде жол берилет.

2. Эгерде мыйзамда же күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун макулдашуусунда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун талаптары соттун чечими боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен канааттандырылат.

Эгерде мыйзамда башкача тартип белгиленбесе, күрөө кармоочуга берилген күрөө предметине карата өндүрүп алуу күрөө жөнүндөгү келишимде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Күрөө предметине карата өндүрүп алуу төмөндөгүдөй учурларда:

1) күрөө жөнүндө келишим түзүү үчүн башка адамдын же органдын макулдугу же уруксаты талап кылынганда;

2) күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий дөөлөткө ээ болгон мүлк болуп саналса;

3) күрөө берүүчү жок болсо жана анын турган жерин аныктоо мүмкүн болбосо соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн".

Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаев

1997-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
