Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Бишкек шаарында 2009-жылдын 15-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фаза) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу»токтому
Бишкек шаары
2009-жылдын 2-октябры № 1414-IV
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 15-июлунда кол
коюлган Кыргыз Республикасы менен Бвропа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын
ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ош-Исфана
автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фаза)
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн
(2009-жылдын 15-сентябрындагы № 582 токтом) "Бишкек шаарында 2009-жыл-
дын 15-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструк-
циялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну
(Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фаза) ратификациялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бул Кредиттик макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнүп берилүүчү
каржы каражаттарын пайдаланууну контролдоо боюнча Байкоо кењешинин ку-
рамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Г.Т.Дерби-
шеваны жана А.Т.Каримовду киргизсин;
- Жогорку Кењеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерди
жана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилүүчү каржы каражат-
тарынын пайдаланылышын контролдоо боюнча Байкоо кењешин анын курамына
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын киргизүү менен
түзсүн;
- мындан ары эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбо-
орлорун даярдоодо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча делегациялардын курамы-
на республиканын тиешелүү региондорунан келген Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаттарын киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 15-сентябрындагы №582 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 15-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 15.09.2009 · № 582
- Бишкек шаарында 2009-жылдын 15-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ош-Исфана…Закон · 23.10.2009 · № 286