# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2006-жылдын 21-сентябрындагы №1260-III "2005-жылдын 10-октябрындагы УП № 448 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы тууралу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2006-жылдын 21-сентябрындагы №1260-III "2005-жылдын 10-октябрындагы УП № 448 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1260-III
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/51944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-2381/edition/319733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/51944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2006-жылдын 21-сентябрындагы №1260-III "2005-жылдын 10-октябрындагы УП № 448 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы тууралу" токтому (21.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/51944

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 21-сентябры № 1260-III

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ

"2005-жылдын 10-октябрындагы УП № 448 "Кыргыз

Республикасынын Монополияга каршы саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук

агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгы тууралу

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын 1471} 6-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чыгарылган нормативдик

укуктук акты мыйзамга каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мы колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-ок-

тябрындагы УП № 448 Жарлыгы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыр-

гыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-статьясынын сегизинчи

бөлүгүнө, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

8-9-статьяларына, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 21-статьясына каршы келгендигине жана тиешелүү түрдө юриди-

калык күчү жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине "2005-жылдын 10-октябрында-

гы УП № 448 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Жар-

лыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин Аткаруу кењешинин,

анын ичинде:

- 2006-жылдын 13-апрелиндеги № 2 П "2001-жылдын 27-декабрындагы №

148-П "Электр энергиясына тарифтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча Мамлекеттик агенттиктин Аткаруу ке-

њешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу";

- 2006-жылдын 5-сентябрындагы № 67 П "Чарба жүргүзүүчү субъекттер

үчүн электр энергиясына мурда белгиленген жењилдетилген тарифтерди жок-

ко чыгаруу жөнүндө" токтомдорун жокко чыгаруу сунуш кылынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Төрагасына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Төрагасы М.Султанов
