# 9-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/514)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 14-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202392)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/514#diff=507236..507237>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-483/edition/507229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/514/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө, 9-статья (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-9

---

ыйгарым укуктары

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы:

1) Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт, мамлекеттик башка органдар жа-

на мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партия-

лар жана коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана референдум

комиссиялары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо ка-

ражаттары, шайлоо процессинин катышуучулары, референдумдун катышуучула-

ры менен өз ара мамилелерде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болот;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат, аларга

материалдарды даярдоону уюштурат, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйна-

лыштарында төрагалык кылат;

4) анын ыйгарым укуктарына таандык маселелер боюнча буйруктарды

жана тескемелерди чыгарат;

5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка доку-

менттерине кол коет;

6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышына

контролдук кылат;

7) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдет-

терди бөлүштүрөт, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин аткаруу бо-

юнча жана анын ыйгарым укуктарына таандык жана башка маселелер боюнча

ишти уюштуруу үчүн аларга тапшырмаларды берет;

8) шайлоону, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө, комиссия-

ларды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды тескөөчү болуп саналат;

9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликти

жүзөгө ашырат;

10) Борбордук шайлоо комиссиясынын, областтык, Бишкек, Ош шаардык

шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдар сметасын

бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын чегинде бекитет жана ал жөнүн-

дө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт;

11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин ишке

алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;

12) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин каржы жана материал-

дык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет;

13) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык

сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы-

нын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды карап чыгуу боюнча ишти уюштурат;

14) шайлоочуларга, референдумдардын катышуучуларына Борбордук шай-

лоо комиссиясынын иши жөнүндө маалымдайт;

15) шайлоону, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Бор-

бордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн келишимдик негизде

адистерди тартат;

16) мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашы-

рат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Президент кызматына ки-

ришкенде ага Президент болуп шайлангандыгы тууралу күбөлүктү, айырмалоо

белгилерин - Президенттин төшбелгисин жана Президенттин фамилиясы, аты

жана атасынын аты жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары оюп тү-

шүрүлгөн Штандартын (желегин) тапшырат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин депу-

таттарын шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя-

лангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жогорку Ке-

њештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төшбелгини

тапшырат.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин ачык

жыйналыштарына катышууга укуктуу.

5. Төрага жок болуп калган учурда анын ыйгарым укуктарын Борбордук

шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-

нын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,

2008-жылдын 29-декабрындагы № 278

Мыйзамынын редакциясына ылайык) редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-10)
