# 7-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/514)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 14-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 октября 2004 года N 180 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1580)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/514#diff=507230..507231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-483/edition/507229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/514/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө, 7-статья (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-7

---

алышынын тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери борбордук шайлоо ко-

миссиясынын курамы тарабынан ушул статья менен аныкталуучу тартипте ка-

был алынат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону, Кыргыз Республикасынын

референдумун даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыз кылуу ма-

селелери боюнча, Президенттин кызматына талапкерлерди, депутаттыкка та-

лапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө, Президенттин кызматына талапкер-

лерди, депутаттыкка талапкерлердин каттоодон баш тартуу жөнүндө, шай-

лоонун, референдумдун натыйжалары жөнүндө, шайлоону же референдумду өт-

пөгөн же жараксыз деп табуу, кайталап добуш берүүнү же кайра шайлоону

өткөрүү жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясынын, референдум комисси-

ясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясы-

нын, референдум комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төмөн тур-

ган шайлоо комиссияларын референдум комиссияларын таратуу жөнүндө че-

чимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо

комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген салымын үчтөн эки добушу менен

кабыл алынат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк

добушу менен кабыл алынат. Төрагалык кылуучу жарыя кылган бардык масе-

лелер боюнча добуш берүүнүн натыйжасы Комиссиянын жыйналышынын протоко-

луна жазылат.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын каалаган мүчөсүнүн талабы боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясы анын компетенциясына кирген бардык маселе-

лер боюнча добуш берүү өткөрүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссия-

сынын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн эч кими добуш берүүдө калыс болу-

шу мүмкүн эмес.

5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколуна

Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы же аны алмаштырган адам кол ко-

ет.

6. Президентти шайлоонун натыйжасы Жогорку Кењешке шайлоонун на-

тыйжасы жөнүндө, референдумдун натыйжасы тууралу Борбордук шайлоо ко-

миссиясынын протоколуна тиешелүү жыйналышка катышкан чечүүчү добушка

укуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

7. Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен макул бол-

богон чечүүчү добушка укуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо

комиссиясы тарабынан каралууга, анын протоколунда чагылдырылууга жана

ага тиркелүүгө тийиш.

8. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими кабыл алынган күндөн тар-

тып күчүнө кирет.

9. Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде

кабыл алган чечимдери аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик мекемелер,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, талапкерлер, саясий партия-

лар, коммерциялык эмес уюмдары, ишканалары кызмат адамдары, референдум

өткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрү, шайлоочулар жана референдум-

дун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары, рефе-

рендум комиссиялары үчүн милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга ка-

рама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан ашыруу менен кабыл

алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы болбосо сот тарабынан

жокко чыгарылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-

нын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-8)
