# 5-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/514)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 14-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202392)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/514#diff=507236..507237>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-483/edition/507229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/514/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө, 5-статья (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-5

---

1. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде:

1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын

жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укуктарынын

сакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун, Кыр-

гыз Республикасынын референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамдарынын",

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинин аткарылышына контрол-

дукту жүзөгө ашырат жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;

2) Президенттин, Жогорку Кењештин жана жергиликтүү кењештеринин

депутаттарын шайлоону, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү уюшту-

рат;

3) өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду, нускоолорду, жобо-

лорду, дагы башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышына контрол-

дук кылат;

4) төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын

ишине жетекчилик кылат, аларга укуктук, уюштуруу-усулдук жагынан жардам

көрсөтөт, Конституция, мыйзамдар, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл ал-

ган токтомдор, нускоолор, жоболор жана башка актылар бузулган учурда,

төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечим-

дерин жокко чыгарат;

5) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды)

6) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзөт жана

алардын курамын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;

7) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды)

8) шайлоо, референдум өткөрүүгө, өздөрү пайдаланган имарат жай,

транспорт, байланыш үчүн акыны кошкондо республикалык бюджеттен

бөлүнгөн акча каражаттарын шайлоо комиссияларына бөлүштүрөт, шайлоолор-

ду жана референдумдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун

башка маселелерин карайт;

9) атайын фонд түзөт жана шайлоо, референдум өткөрүү, шайлоо туту-

мун өнүктүрүү, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин кам-

сыз кылуу үчүн түшкөн каражаттарды пайдаланат;

10) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө бө-

лүнгөн бюджеттик каражаттардын жана талапкерлердин, саясий партиялардын

шайлоо фонддорунун, атайын фонддордун каражаттарынын келип түшүшүн жана

чыгымдалышын эсепке алуунун тартибин аныктайт, бул каражаттардын келип

түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын, референдум ко-

миссияларынын, талапкерлердин финансылык отчетунун формасын бекитет;

11) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-

лоо бюллетендеринин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин форма-

сын, анын ичинде коргонуу даражасын, даярдоо тартибин жана текстин,

ошондой эле жергиликтүү кењештердин депутаттары шайлоо боюнча шайлоо

бюллетендеринин формасы менен даярдоо тартибин белгилейт жана бекитет;

12) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн, шайлоочулардын жана референдум-

дун катышуучуларынын тизмелери, талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуш-

тардын, шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын жыйналышта-

рынын протоколунун, талапкерди жактаган кол коюу баракчаларынын жана

башка шайлоо документтеринин жана референдум документтеринин формасын,

аларды сактоонун жана аларды архивге өткөрүү мөөнөтүн жана тартибин

белгилейт;

13) Президенттин, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-

лоо бюлеттендерин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди жана

башка шайлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;

14) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын иши үчүн

зарыл болгон технологиялык жабдуулардын ченемдерин иштеп чыгат жана бе-

китет, алардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;

15) шайлоо комиссиялардын, референдум комиссиялардын, министрлик-

тер менен ведомстволордун, мамлекеттик башка бийлик органдардын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоону, референдумду да-

ярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча билдирүүлөрүн

угат;

16) байкоочулардын, эларалык байкоочулардын, чет өлкөлүк жана жер-

гиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн шайлоого, рефе-

рендумдарга катышуу тартибин белгилейт, аларды тиешелүү документтер ме-

нен камсыз кылат;

17) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн талапкерлерге, саясий

партияларга телерадио уюмдарынын каналдарынан эфирдик убакыт, мезгилдүү

басма сөз басылмаларынан басма сөз аянтын берүү тартиби жөнүндө нуска-

маларды же башка ченемдик актыларды чыгарат;

18) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары, областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ме-

нен бирдикте шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын каттоонун

(эсепке алуунун) мамлекеттик тутумун уюштурат;

19) тийиштүү министрликтер жана ведомстволор берген маалыматтардын

негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн шайлоочуларды

бирдиктүү шайлоо округуна киргизип каттоо тартибин аныктайт;

20) Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди, Жогорку Кењештин де-

путаттыгына саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелерин, та-

лапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укук бе-

рилген өкүлдөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү бе-

рет;

21) референдумдун демилгелүү топторун каттайт, аларга каттоо күбө-

лүктөрүн берет;

22) шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын шайлоо кампаниясы-

нын, референдум кампаниясынын жүрүшү тууралу маалымат менен камсыз кы-

лат;

23) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протокол-

дорунун негизинде Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун,

референдумдун натыйжасын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражатта-

рына жарыялайт, Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун

натыйжасын корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жиберет;

24) округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде бү-

түндөй республика боюнча жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шайлоо-

нун натыйжасын белгилейт;

25)шайланган Президенттин жана Жогорку Кењеиштин шайланган депу-

таттарын каттайт;

26) шайлоонун,добуш беруунун жыйынтыктарын же натыйжаларын мыйзам-

дарда белгиленген тартипте жараксыз деп таанышы мүмкүн;

27) тиешелүү шайлоо комиссиясына кайталап добуш берүү же кайталап

шайлоолорду өткөрүүнү тапшырат, ушуну менен бирге мыйзамда белгиленген

учурларда жана тартипте шайлоону тийиштүү жана жањы курамдагы участка-

лык шайлоо комиссиялары менен өткөрүүнүн зарылдыгын чечиминде көрсөтө

алат;

28) Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн

мурда токтотуу тууралу чечим кабыл алат;

29) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечимдерине

жана аракеттерине арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча че-

чимдерди чыгарат;

30) Кыргыз Республикасында шайлоону, референдумдарды даярдоо жана

өткөрүү, шайлоо тутумун өнүктүрүү, шайлоочуларды жана шайлоо процесси-

нин катышуучуларын укуктук жактан окутуу, шайлоо комиссияларынын, рефе-

рендум комиссияларынын мүчөлөрүн кесиптик жактан даярдоо менен байла-

нышкан максаттуу программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;

31) мыйзамдардын, ушул Мыйзамдын бул укук

бузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамда белгиленген чараларды көрүүгө

милдеттүү болгон укук коргоо органдарына шайлоолорго, референдумдарга

даярдыкты жана өткөрүүнү жөнгө салуу жагынан тиешелүү текшерүүлөрдү

жүргүзүү жана укук бузууларга тыюу салуу тууралу сунуштама менен кайры-

лууга укуктуу, алар бул эреже бузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамда

белгиленген чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияда, "Кыргыз Республика-

сынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйза-

мында, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексте, Кыргыз Респуб-

ликасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында ка-

ралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-6)
