# 3-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/514)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 14-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202494); 28.07.2008 [Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202392)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/514#diff=507236..507237>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-483/edition/507229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/514/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө, 3-статья (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-3

---

мүчөсүнүн статусу

1. Ушул статьянын 3-пункутунда саналып өткөн адамдардан

тышкары, шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында

туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын 25 жашка чыккан жараны Борбор-

дук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнө

Президент белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

3. Жогорку Кењештин депутаттары, жергиликтүү кењештердин депутат-

тары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кызматчылар, укук

коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери, башка шайлоо комисси-

ялардын мүчөлөрү, шайлануучу кызмат ордунда болгон талапкерлерге тике-

ден-тике баш ийүүчү адамдар Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү добуш

укугу менен мүчө боло алышпайт.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Президенттин кызмат

ордуна, Жогорку Кењештин депутаттыгына, жергиликтүү кењештердин депу-

таттыгына талапкер же алардын өкүлдөрү болуп катталганда, ошондой эле

жогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарына жакын туугандары талапкер болуп

катталган учурларда, аларды дайындаган (шайлаган) органдын чечими жок

эле комиссиянын мүчөлүк милдетинен бошотулган деп эсептелишет.

5. Эгерде ушул статьянын 3-пункутундагы аталган адамдар Борбор-

дук шайлоо комиссиясынын курамына дайындалса же шайланса, алар

өздөрүнүн ыйгарым укуктарын он күндүк мөөнөттө токтотууга милдеттүү.

6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка

укуктуу мүчөсү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партия-

лардагы өз иштерин токтото турууга милдеттүү.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка

укуктуу мүчөсү төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякта-

ганга чейин тиешелүү түрдө Президент же Жогорку Кењеш тарабынан милдет-

теринен бошотулат:

- өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-

готкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга жөнөп

кетсе;

- соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;

- соттун күчүнө кирген мыйзамдуу чечими менен аракетке жөндөмсүз,

аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жоголгон же каза болгон деп

таанылганда;

- өлгөндө;

- милдеттерин дайыма аткарбаганда - Борбордук шайлоо комиссиясынын

сунуштамасы боюнча;

- ушул статьянын 3-пункутундагы каралган дагы башка негиздерде.

8. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын жана чечүүчү добушка

укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда,

ваканттык орундарды ээлөө аны түзүү тартибинде жүзөгө ашырылат.

9. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү

өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде, анын макулдугу болмоюнча

башка ишке которулушу же администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси ме-

нен иштен бошотулушу мүмкүн эмес.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүн

медициналык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө Өкмөт мүчөлөрүн тейлөө

дењгээлинде белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278

Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-4)
