# 1-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/514)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 14-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202392)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/514#diff=507235..507236>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-483/edition/507229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/514/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө, 1-статья (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыр-

гыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү

үчүн түзүлгөн комиссиялар тутумун жетектеген туруктуу иштеген көзкаран-

дысыз борбордук мамлекеттик бийлик органы болуп саналат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын

Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексти, ушул

Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук акты-

ларын жетекчиликке алат.

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, саясий партиялар, коомдук би-

рикмелер, алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн

ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы анын ишине көмөк көрсөтүүгө, ке-

ректүү маалыматтарды жана материалдарды берүүгө милдеттүү.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын борбору Биш-

кек шаарынан орун алган өзүнчө администрациялык имаратта жайгашары бел-

гиленсин.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/514/st-2)
