# 9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2009 года № 258 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203201)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2013 года № 156 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 156 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203965); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 21.12.2011 [Закон КР от 21 декабря 2011 года № 242 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203506); 13.10.2009 [Закон КР от 13 октября 2009 года № 270 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203212); 31.07.2009 [Закон КР от 31 июля 2009 года № 258 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203201); 20.11.2008 [Закон КР от 20 ноября 2008 года № 241 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202457); 23.06.2008 [Закон КР от 23 июня 2008 года № 126 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202337); 12.06.2008 [Закон КР от 12 июня 2008 года № 118 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202328)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/512#diff=507210..507211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 9-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-9

---

Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат:

1)(КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

2) (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) дарыяларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылууга жана канаттууларды кармоого;

5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттерди жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, даярдоого жана реализациялоого;

6) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;

7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө;

8) тотализаторлордун жана букмекер кеңселеринин иши;

9) Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиациянын аба кемелерин кабыл алуу жана чыгаруу, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, кол жүктү, жүктү жана почтаны ташуу, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык тейлөө;

10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына;

11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштарына;

12) иш атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышканда жекече детективдик жана жекече күзөт ишине;

13) Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча операцияларды кошпогондо, банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга;

14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке;

15) камсыздандыруу ишине;

16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине;

17) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;

19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу;

20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө;

21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линияларын курууга;

22) аудитордук ишке;

23) билим берүүнүн деңгээлине жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары);

24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып келүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга;

25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оңдоого жана соода кылууга;

26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жана сатууга жана кызмат көрсөтүүгө;

27) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

28) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө;

30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чек аралар аркылуу);

31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине;

32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык ишке);

33) автомобилдик транспорту менен жүргүнчүлөр жана жүктөр ташуулары, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташуулар, суу жана темир жол транспорту менен ташуулар (атайын, кызматтык жана технологиялыктарды албаганда;

34) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

35) (КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 242 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

36) (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

37) баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке.

Юридикалык жакка берилген лицензия анда көрсөтүлгөн иштин түрүн (түрлөрүн) жүргүзүүгө укук берген, ар бир иш бөлүгүнө ошондой документ алууну талап кылбаган бирден-бир документ болуп саналат. Эскертүү: куралдар, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык ишкердиктин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-техника жагындагы маалыматтар аскердик багыттагы продукциялар деп түшүнүлөт. Оңдоо, модернизациялоо боюнча жумуштар, куралдарды, аскердик-техниканы утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана сактоо аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү деп түшүнүлөт. (КР 1998-жылдын 14-февралындагы № 13, 1998-жылдын 24-апрелиндеги № 53, 1998-жылдын 27-июлундагы № 87, 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2001-жылдын 18-январындагы № 13, 2001-жылдын 12-июнундагы № 48, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38, 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 10-мартындагы № 59, 2003-жылдын 11-июнундагы № 95, 2003-жылдын 1-августундагы № 165, 2004-жылдын 13-августундагы № 129, 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 45, 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 62, 2008-жылдын 2-июнундагы № 105, 2008-жылдын 12-июнундагы № 118, 2008-жылдын 23-июнундагы № 126, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 241, 2009-жылдын 31-июлундагы № 258, 2009-жылдын 13-октябрындагы № 270, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 242, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-10)
