# 7-статья. Лицензия жана укук белгилей турган башка актылар

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 7-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-7

---

1. Иштин кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруу же белгилүү бир аракеттерди жасоо үчүн лицензиядан тышкары башка уруксат алуу (жер участогун бөлүп берүүдө, радио жыштыгын бөлүп көрсөтүүдө жана башкаларда) талап кылынган учурда, мындай уруксаттар лицензия алгандан кийин берилет.

Лицензия жок болгондо уруксат берүү жараксыз деп табылат.

2. Лицензиялоону талап кылган ишти жүзөгө ашырууга лицензия болгондо гана жол берилет.

3. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, эгерде лицензия алуу талабы бүтүм түзүлгөндөн кийин белгиленсе, бүтүм өзүнүн күчүн сактап калат.

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, лицензиянын күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу же болбосо белгилүү мамлекеттерге кандайдыр-бир продукцияларды чыгарууга эмбарго (тыюу) салуу мурда түзүлгөн бүтүмдөргө жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-8)
