4-статья. Лицензиялардын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 19.10.2013 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 октября 2013 года № 195.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2001 года № 13
Лицензиялар төмөндөгү белгилер боюнча:
1. Субъектилер боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү;
2) чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, граждандыгы жок адамдарга жана эл аралык уюмдарга берилүүчү.
2. Иштин көлөмү боюнча:
1) башкы - иштин белгилүү түрүн жасоого берилүүчү;
2) бир жолку - уруксат берилген көлөмдө, салмакта же санда (накталай же болбосо акчалай түрдө) уруксат берилген чектерде белгилүү бир чарбалык операцияларды жасоого берилүүчү.
3. Колдонуу убактысы боюнча:
1) туруктуу - мөөнөтү чектелбестен берилген;
2) эгерде колдонуудагы мыйзамдарда башкача каралбаса, убактылуу кеминде эки жылдан кем эмес убакка берилген.
4. Колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:
1) аракети Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген;
2) аракети Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылган;
3) аракети Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайылтылган.
5. Ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгү боюнча:
1) ээликтен ажыратылуучу;
2) ээликтен ажыратылбоочу болуп айырмаланат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилген тизмеге ылайык берилүүчү лицензиялар ээликтен ажыратылуучу лицензияларга таандык кылынат. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмеге кирбеген лицензиялар ээликтен ажыратылбоочу лицензиялар болуп эсептелет. Ушул Мыйзамга ылайык ээликтен ажыратылбоочу лицензияларда бул тууралу белги болууга тийиш. (КР 2001-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Инструкция о порядке оформления и выдачи лицензий на деятельность по перевозке пассажиров, международные грузовые перевозки автомобильным транспортом, перевозки водным…Инструкция · 27.06.2002 · № 195 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/512/st-4" title="4-статья - Лицензиялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>