# 3-статья. Лицензиялоонун негизги принциптери

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2001 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/395)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/512#diff=507184..507185>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 3-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-3

---

1. Лицензияларды берүү лицензиянын аталган түрү үчүн белгиленген талаптарга жооп берген, бардык жактар үчүн бирдей негиздерде жана шарттарда жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик ишканаларга мыйзам актылары тарабынан мамлекеттик монополияга таандык кылынган иштин түрлөрүнөн (продукция өндүрүү, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) башка лицензияларды берүүнүн артыкчылык укугун ыйгарууга тыюу салынат.

2. Ээлик кылуучу ишкерлердин кандайдыр бир топторуна, алардын менчигинин түрлөрүнө, ведомостволук таламдарына же жайгашкан жерине жараша атаандаштыкты чектөө же артыкчылык берүү максатында лицензия берүүгө тыюу салынат.

Лицензияны берүү монополизмди күчөтүүгө же болбосо ээлик кылуу ишинин эркиндигин чектөөгө көмөк көрсөтпөөгө тийиш.

3. Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынуучу башка нормативдик укуктук актыларда башкача каралбаса, лицензиялар ээликтен ажыратылышы, башкача айтканда лицензиянын ээси тарабынан башка жеке же юридикалык жактарга берилиши мүмкүн.

4. Лицензияларды алуу ушул Мыйзам тарабынан лицензиялоо каралган иштердин жана аракеттерди жасоонун түрлөрүн гана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл.

5. Иштин түрлөрү боюнча лицензиялык тартипти киргизүү же болбосо аны жоюу ушул Мыйзам тарабынан белгиленет жана мамлекеттик коопсуздукка, мамлекеттик монополияны ишке ашырууга, укук тартибин камсыз кылууга, айлана-чөйрөнү, менчикти, граждандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого байланыштуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2001-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-4)
