# 19-статья. Лицензиянын күчүн токтото туруу жана кайра алуу

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 19-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-19

---

1. Лицензия алуучу тарабынан лицензияда камтылган талап анча чоң зыян келтирбей, бир жолу бузулганда лицензиялануучуга кат жүзүндө эскертилет.

2. Лицензия берүүчү мурда эскертүү алган субъектинин лицензиясынын күчүн лицензияда камтылган талаптарды аткарбагандыгы үчүн үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп коюуга укуктуу.

Лицензиянын күчүн токтото туруунун себептери четтетилгенден кийин лицензия кайра күчүнө кирет.

3. Лицензия берүүчү тарабынан төмөндөгү учурларда:

1) лицензиянын күчүн токтото туруунун лицензия берүүчү тарабынан белгиленген себептери четтетилбегенде;

2) лицензия алуучу тарабынан лицензияда камтылган талаптар аткарылбаганда;

3) лицензия алуучунун лицензия алган иштин түрүн жүзөгө ашырышына сот тарабынан тыюу салынганда, лицензия кайра алынышы мүмкүн.

4. Иштин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзам актыларында лицензияны кайра алуунун жана анын күчүн токтото туруунун башка негиздери жана тартиби каралышы мүмкүн.

5. Лицензиялануучу лицензиянын күчүн токтотуу же аны кайра алуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-20)
