# 17-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2001 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/395)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/512#diff=507184..507185>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 17-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-17

---

1. Эгерде:

1) субъектилердин аталган категориясы үчүн иштин айрым түрүн жүзөгө ашырууга мыйзам актылары тарабынан тыюу салынса;

2) ушул Мыйзамдын 15-статьясына же болбосо башка мыйзам актыларына ылайык талап кылынган бардык документтер тапшырылбаса, лицензия берилбейт. Арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн тоскоолдуктар четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат;

3) арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнбөсө;

4) арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык белгиленген талаптарга жооп бербесе;

5) арыз берүүчүгө карата иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими бар болсо лицензия берилбейт.

2. Төмөндөгү жүйөлөр:

1) лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугун арыз берүүчүгө берүүнүн максатка ылайыктуу эместиги боюнча;

2) өндүрүүгө же болбосо сатып өткөрүүгө лицензия талап кылуучу товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рынокто толтура экендиги боюнча;

3) рыноктогу монополдук абалды камсыз кылуу боюнча;

4) арыз берүүчүнүн жеке сапаттары жана ишкердик бедели жөнүндө шектенүүлөр, анын ичинде мурда соттолгондугунун, ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырууга мурда тыюу салуулардын, мурда берилген лицензиялардын кайра алынышынын жүйөлөрү боюнча, эгерде бул тыюу салуулар жана кайра алуулар мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык өзүнүн күчүн жоготкон (тындырылган) деп эсептелсе, лицензия берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

3. Лицензия берүүнү:

1) мамлекеттик муктаждыктардын продукцияларын милдеттүү түрдө сатып алуу жөнүндө;

2) алынган лицензияга ылайык өндүрүлгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) белгилүү керектөөчүлөргө сатып өткөрүү же болбосо аларды республиканын белгилүү региондоруна жөнөтүү жөнүндө, анын ичинде аларды аталган административдик аймактык бирдиктин чегинен тышкары жөнөтүүдөн же болбосо экспорттоодон баш тартуу жөнүндө;

3) өндүрүлгөн товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) белгилүү бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды) белгилөө жөнүндө, анын ичинде аларды белгилүү керектөөчүлөргө алдын ала чектелген бааларда сатып өткөрүү жөнүндө талаптар менен шарттоого тыюу салынат;

4. Лицензиаттын банк ишине лицензия берүүнү жүзөгө ашырган орган тарабынан белгиленген ченемдик укуктук талаптарга ылайык келбей калуусу, ошол орган тарабынан лицензия берүүдөн баш тартуу же банк ишин жүргүзүүгө берилген лицензияны кайтарып алуу сыяктуу банк мыйзамдарында каралган жоболорго ылайык жыйынтыктоочу чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

Лицензия берүүдөн баш тартылганда арыз берүүчүгө лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кат жүзүндө жүйөлүү жооп берилет. (КР 2001-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамынын, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-16)  
Кийинки берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-17-1)
