17-3-статья. Лицензиялоочу орган лицензия берүүнүн мөөнөтүн
Күчүн жоготкон · 19.10.2013 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 октября 2013 года № 195.
бузган же аны берүүдөн баш тарткан учурда лицензияны жол-жоболоштуруу тартиби
1. Лицензиялоочу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия берүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө кабарлоо арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
2. Эгерде лицензиялоочу орган арыз ээсине лицензия бербесе, же лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып календардык отуз күндүн ичинде арыз ээси өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүп баштагандыгы жөнүндө тиешелүү лицензиялоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт.
Лицензиялоочу орган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алгандан кийин календардык отуз күндөн кечиктирилбестен лицензия берүүгө милдеттүү, анын колдонулушу арыз ээси жазуу жүзүндөгү кабарлоодо көрсөтүлгөн датадан башталат.
3. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
(КР 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/512/st-17-3" title="17-3-статья - Лицензиялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>