# 14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2001 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лицензировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/395)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/512#diff=507184..507185>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 14-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-14

---

Лицензия алуу үчүн төмөндөгү документтер:

1) белгиленген үлгүдөгү арыз, анын түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

2) лицензия алуучунун ушул Мыйзамдын 12-статьясынын талаптарына ылайык келишин ырастай турган документтер;

3) арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастай турган документтер;

4) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү зарыл.

Мыйзам актыларында лицензиялануучу иштин айрым түрлөрү боюнча документтердин тизмесине карата кошумча жана атайын талаптар белгилениши мүмкүн. Лицензия берүүчүнүн арыз берүүчүдөн иштин тиешелүү түрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралбаган документтерди талап кылышына тыюу салынат. Лицензия алуу үчүн берилген бардык документтер лицензия берүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталат. (КР 2001-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-15)
