10-статья. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 19.10.2013 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 октября 2013 года № 195.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 октября 2011 года № 161
1. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана экспорттоодо башкы жана бир жолку лицензиялар берилет.
Лицензияланууга тийиш болгон товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды жасоого лицензияларды берүүнүн жана жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан белгиленет. Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген, массалык кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана согуштук техниканын дагы башка түрлөрүн түзүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон продукцияларды импорттоо/экспорттоо жана реэкспортто боюнча операциялар да лицензияланууга тийиш.
2. Башкы лицензиялар экспорттук жана импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө берилет, бирок ал календарлык бир жылдан ашпоого тийиш.
Башкы лицензия боюнча операциялар бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бир же бир нече контракттар боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Арыз берүүчүгө бир жолку лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча экспорттук же импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн календарлык жылдын мезгилине берилет. Лицензиянын ээси бул тууралу лицензия берген органга кабарлоо менен андан баш тартууга укуктуу.
4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү боюнча башкы да, ошондой эле бир жолку да лицензиялардын колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
5. Башкы жана бир жолку лицензиялар товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө экспорттоого жана импорттоого берилген уруксат болуп эсептелет жана продукцияларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
6. Контрактка киргизилген аталыштардын санына карабастан лицензиялар товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө берилет.
Эгерде алар бир объектини куруу (модернизациялоо) үчүн товарлардын бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр бирдиктүү технологиялык комплекске (комплектиге) кирсе башкы лицензияны товарлардын бир нече түрүнө берүүгө жол берилет. (КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239, 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 73, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 апреля 2008 года № 73 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 декабря 2003 года № 239 "О внесении дополнения и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №79 "Өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 01.02.2012 · № 79 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 508 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 29.08.2014 · № 508 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/512/st-10" title="10-статья - Лицензиялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>