# 1-статья. Ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Лицензиялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/512)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.03.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 38 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1162)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/512#diff=507186..507187>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-481/edition/507179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/512/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялоо жөнүндө, 1-статья (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-1

---

1. Ушул Мыйзам тарабынан лицензияланууга тийиш болгон ишти же белгилүү бир аракеттерди мамлекеттик лицензиялоого байланыштуу болгон мамилелер жөнгө салынат.

2. Граждандардын жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн лицензиялык келишимдин чектеринде лицензияларды берүү менен байланыштуу мамилелер ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу банктардын, финансы-кредит, дагы башка мекемелердин ишин лицензиялоо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, буларга карама-каршы келбеген жагындагы Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/512/st-2)
