# КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 18-июлу №386 "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 18-июлу №386 "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-109/edition/713597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 18-июлу №386 "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу. (19.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5113

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 5-марты № 108

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"

Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 5-октябрындагы № 539 токтомунун,

2001-жылдын 8-майындагы № 221 токтомунун,

2001-жылдын 4-декабрындагы № 760 токтомунун,

2004-жылдын 28-июлундагы № 562 токтомунун,

2006-жылдын 27-мартындагы № 200 токтомунун,

2008-жылдын 18-июлундагы № 386 токтомунун

редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө" Мыйзамды ишке

ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мына бул тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине ат берүү, атын

өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тууралу жобо;

- Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аттарын латын

алфавитинин тамгалары менен берүү жөнүндө жобо;

- мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүүнүн, атын өзгөртүүнүн

тартиби жөнүндө жобо;

- Географиялык наамдар боюнча ведомство аралык комиссиянын курамы.

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 221

токтомунун редакцияларына ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 221

токтомунун редакцияларына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-сентябрындагы №

445 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, физика-географиялык

объекттерине ат берүүнү, атын өзгөртүүнү тартипке келтирүү боюнча чара-

лар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп та-

былсын.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри А.Жумагулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1998-жылдын 5-мартындагы

№ 108 токтому менен

бекитилген

Географиялык аталыштар боюнча

ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 18-июлундагы № 386 токтомунун

редакциясына ылайык)

Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча

башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин ди-

ректору, ведомстволор аралык комиссиянын төра-

гасы (макулдашуу боюнча);

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, ве-

домстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун

басары;

Катанаева Л.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-

мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мам-

лекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-

лык-геодезиялык кызматынын геодезиялык көзөмөл

жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальни-

ги, ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу

катчысы.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Абдымомунов Р.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика коми-

тетинин аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюн-

ча);

Байназаров С.Н. - Муниципалитеттер ассоциациясынын төрагасы (ма-

кулдашуу боюнча);

Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-

мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мам-

лекеттик агентгиктин директорунун орун басары;

Жумабаев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин экономика

жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы;

Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мо-

ниторинг бөлүмүнүн башчысы;

Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-

мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мам-

лекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" долбоор-

лоо институтунун директору;

Кожоев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнүн

орун басары;

Конкобаев К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи-

ясынын Тил илими институтунун директору;

Конюхов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геоло-

гия жана минералдык ресурстар боюнча мамлекет-

тик агенттиктин геология жана инвестицияларды

тартуу башкармалыгынын начальнигинин орун баса-

ры;

Намазов К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

реалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгы-

нын реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

Обозова Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат

министринин орун басары;

Осмонов А.О. - Кыргыз Республикасынын Географиялык коомунун

президенти (макулдашуу боюнча);

Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи-

ясынын вице-президенти, коомдук илимдер бөлүмү

бюросунун төрагасы;

Савин В.В. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин

оперативдүү башкармалыгынын аскердик-топографи-

ялык кызматынын начальниги.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Административдик укук бузуулар жөнүндө

кодекске толуктоо киргизүү тууралу

1-статья.

1984-жылдын декабрындагы Административдик укук бузуулар жөнүндө

кодекс (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1984-ж., N 23кө тир-

кеме, 193-6.) төмөндөкүдөй мазмундагы 52-2 статья менен толукталсын:

"52-2-статья. Тиешелүү ат жазылган көрсөткүч белгилерди бузуу же

жок кылуу

Тиешелүү ат жазылган көрсөткүч белгилерди атайлап бузуу же жок кы-

луу -

он минималдык ставка өлчөмүндө айып салууга алып келет"

96-статьянын биринчи бөлүгү "48-52" сандарынан кийин "52-2" санда-

ры менен толукталсын.

2-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
