# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/510198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15179/edition/1130444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/510198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/510198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-февралы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII, 2023-жылдын 7-июнундагы № 1229-VII, 2023-жылдын 6-декабрындагы № 1667-VII, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 2971-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Европа Бирлигине катышкан өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен парламенттик деңгээлде жигердүү саясий диалогго умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Гулкан Сакиновна Молдобекова; Марат Молдонович Мураталиев; Лейла Хияновна Лурова; Нарматова Надира Азимовна; Салымбеков Жумабек Мамытбаевич; Таалайбек кызы Жылдыз; Шаирбек Кыдыршаевич Ташиев. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2023-жылдын 7-июнундагы № 1229-VII, 2023-жылдын 6-декабрындагы № 1667-VII, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 2971-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.1. Лейла Хияновна Лурова Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитети жасаган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

Төраганын орун басары

У.Б. Примов
