# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусу катары аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусу катары аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 59-р
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/510195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19032/edition/1156327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/510195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусу катары аныктоо тууралуу) тескемеси (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/510195

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 196-т тескемесинин редакциясына ылайык) 2022-жылдын 14-апрели № 196-т Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен соода-сатык операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө QR-коду бар контролдук-кассалык чектерди талап кылуусу үчүн жарандарга дем берүү, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусу болуп аныкталсын.

11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамалекеттик мекемесиушул тескемеде каралган лотореянын оператору болуп аныкталсын;

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

1) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын (мындан ары - кызыктыруучу лотерея) ушул тескемеде каралган каражаттардын жана/же башка булактардын эсебинен өткөрсүн;

2) кызыктыруучу лотереяны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинде аны өткөрүүнүн шарттарын бекитсин жана Кыргыз Республикасында лотерея ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын уруксатын алсын;

(-3-пунктчасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 196-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)

3. Зарыл болгон учурда "Айыл Банк" ачык акционердик коому жеңүүчү сертификаттарды накталоо үчүн өнөктөш-банк болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр" 26-бөлүмүндө каралган каражаттардан кызыктыруучу лотереяны өткөрүү үчүн белгиленген тартипте 66000000 (алтымыш алты миллион) сом бөлүп берсин, анын ичинде:

- 49000000 (кырк тогуз миллион) сом кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүүгө;

- 17000000 (он жети миллион) сом кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кызыктыруучу лотереяны уюштурууда жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына көмөк көрсөтсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
