# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 2 "“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 2 "“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/510178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73706/edition/1128833/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 2 "“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”" токтому (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/510178

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 28-июлу № 2 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле “Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” жетекчиликке алып: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу (№1тиркеме) жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси(№2 тиркеме) менен бекитилсин;

2. Аталган токтом тиркемелери менен Ала-Бука райондук маамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомдун тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары C.Манасовага тапшырылсын.

Төрага

Б.Нышанов
