Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкорбаев айылдык кенешинин «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү, 2022-2023-жылдар боюнча божомол берүү жана 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту жөнүндө» токтому
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 161/ХХIII-27 Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү, 2022-2023-жылдар боюнча божомол берүү жана 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесинин негизинде каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын «2021-жылга карата бюджеттин киреше, эсеп-кысап бөлүгүн бекитүү жөнүндө, 2022-2023- жылдар боюнча бюджетке божомол берүү жөнүндө жана 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кочкорбаев айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгү 2021-жылга карата 147758,0 миң сом суммада бюджет бекитилсин. 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү киреше булактарынан келип түшүүлөрдүн эсебинен калыптанат.
2. Кыргыз Республикасынын 18.10.2017-жылы жарыяланган №08-1-2/11574 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин иш аракетке киргизүү» Мыйзамына ылайык, 2021-жылга карата кирешеге карата салыктын мерчемдик келип түшүүчү төлөмдөрүнүн ченемдеринин салык агенттери тарабынан төлөнүшү төмөнкүдөй болуп бекитилсин: Ысык-Ата райондук бюджетине 50% көлөмүндө, сатуулардан түшкөн салык – 50%, жер байлыктарын пайдалануудан түшкөн салык 50%, административдик жазапул 50%, ыктыярдуу жана милдеттүү түрдө патенттөөнүн негизиндеги салык – 100%.
3. Кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлерине берилген божомол 2022-жылга карата 14851,0 миң сом суммасында, 2023-жылга карата 14895,9 миң.сом болуп жактырылсын.
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын 2021-жылга карата каржылоо келип түшкөн фактылуу кирешелердин чегинде жүргүзүлүп, аны менен бирге эң биринчи кезекте коргоодо турган беренелер боюнча (айлык акы, соцфондко жиберилүүчү которуулар, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылоо жүргүзүүлөрү белгиленсин. Чыгашалардын коргоодо турган беренелери штаттык эсептеги вакансияларга жараша жана нормативдик актылардын кабыл алынышы боюнча кыскарып кетиши мүмкүн.
5. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айланууда туруучу кассалык накта каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 30,0 миң сом болуп бекитилсин.
6. 2021-жылы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына артып калган бош каражаттын эсебинен, божомол боюнча түшкөн кирешенин үстөгүн, кирешелердин чыгашалардан ашып кеткенинин эсебинен бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
7. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү бюджетти аткаруу учурунда киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылса, анда үстөк каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелерине, улуттук жана мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын токтомдорун аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди колдоого, коммуналдык тейлөөлөрдөгү карызды жабууга жумшалуусун, эгер муктаждык пайда болсо, өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына убактылуу каржылык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле мындан тышкаркы сатыктарга жана чыгашаларга иштетилишин алдын ала мерчемдөөсү зарыл.
8. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин Ысык-Ата башкармалыгына 2021-жылга карата чыгашалардын сметасы жиберилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Албекенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60