# Красный Восток айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июлундагы № 3/7 "Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июлундагы № 3/7 "Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/7
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/510033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73608/edition/1101846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/510033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июлундагы № 3/7 "Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (26.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/510033

---

КРАСНЫЙ ВОСТОКАЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-июлу № 3/7 Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде "Айылдык кеңешинин милдеттери", ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адисинин (Токчулуков М. А.) Красный Восток айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планы жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кеңешинин депутаттарын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) Красный Восток айылдык аймагынын 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планы жокко чыгарылсын.

2. Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелинин №12/3 «Красный Восток айылдык аймагынын 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын бекитүү жөнүндө» сессиясынын токтому

күчүн жоготту деп табылсын.

3. Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурмат, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун жаңы «Келечектүү планын» жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана мүмкүн болушунча экономикалык жактан пайдалуу жагын эске алуу менен иштетилип чыгуусун алып барсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Красный Восток айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Абдусаматов. У. К
