Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык кеңешинин «Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОКАЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-июлу № 3/7 Красновосток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде "Айылдык кеңешинин милдеттери", ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адисинин (Токчулуков М. А.) Красный Восток айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планы жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кеңешинин депутаттарын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) Красный Восток айылдык аймагынын 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планы жокко чыгарылсын.
2. Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелинин №12/3 «Красный Восток айылдык аймагынын 2019-2024-жылдарга карата түзүлгөн келечектүү планын бекитүү жөнүндө» сессиясынын токтому
күчүн жоготту деп табылсын.
3. Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурмат, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун жаңы «Келечектүү планын» жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана мүмкүн болушунча экономикалык жактан пайдалуу жагын эске алуу менен иштетилип чыгуусун алып барсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Красный Восток айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Абдусаматов. У. К
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелиндеги № 12/3 "Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү…Постановление · 09.04.2019 · № 12/3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон