Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный-Восток айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө Красный-Восток айыл аймагы» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 10-сентябры №4/1 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө Красный-Восток айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасы У.К.Абдусаматовдун маалыматын уккандан кийин, жерлерди экономикалык жактан максатка ылайыктуу, сарамжалдуу, эффективдүү пайдалануунун узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечегин аныктоочу «Красный-Восток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планы жөнүндө» Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу менен Красный-Восток айылдык кеңешинин отуруму чечим кабыл алат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдүү пайдалануу боюнча түзүлгөн перспективдүү планы бекитилсин.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек боюнча бөлүмүнүн ченемдик укуктун актыларынын мамлекеттик реестерине каттого жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красный-Восток айыл-өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурматка тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы:
У. К. Абдусаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.