# 5-статья. Лицензиялар тууралу жалпы жоболор

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.07.2014 [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366); 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906); 26.02.2003 [Закон КР от 26 февраля 2003 года №43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/508#diff=1268354..1268355>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 5-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-5

---

Юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде иштин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу:

- электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);

- жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо).

Лицензиялардын түрлөрү жана мөөнөттөрү, ошондой эле электр энергетика ишканаларына аларды берүүнүн тартиби жана шарттары лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. (КР 2003-жылдын 26-февралындагы № 43, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-6)
