# 31-статья. Мыйзамдардын бузулушу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 31-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-31

---

Ушул Мыйзамды, башка мыйзам актыларын, лицензиясын бузган мамлекеттик, жеке менчик ишкана же башка ар кандай жак Мыйзамда белгиленгендей материалдык, административдик жана уголовный жоопкерчилик тартат. Күнөөлүү жактарды дисциплинардык, административдик же уголовный жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуруудан аларды бошото албайт. Энергия менен жабдуучу уюм электр тармактарын өнүктүрүү пландарын жүзөгө ашыруу үчүн, алардын ремонтун жана профилактикасын өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүү үчүн, кышкы шартта иштөөгө даяр болушуна жооп берет.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-32)
