# 21-статья. Тарифтер

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 43 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203287); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 14 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202700)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/508#diff=1268352..1268353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 21-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-21

---

Тарифтер төмөнкү принциптерге ылайык белгиленет: баалар өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө, капиталдык чыгымдарды толуктоого, инвестицияларды тартууга жана кайтаруунун проценттик ставкасына кеткен чыгымдарды кошкондо жылуулук же электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн толук наркын чагылдырууга тийиш; баалардын өзгөрүшү өндүрүүчүлөрдө же керектөөчүлөрдө капыстан экономикалык кыйынчылыктарды пайда кылбоого тийиш; (Төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту) керектөөнүн бирдей мүнөздөмөсүнө ээ болгон, бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан тейленүүчү бирдей топтогу бардык керектөөчүлөр бирдей тарифтерди алууга жана тейленүүгө тийиш; энергияны керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер берилген электр энергиясынын жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын чагылдырууга тийиш; керектөөчүлөрдүн бир тобунан экинчи бир тобуна субсидияларды берүүгө тыюу алынат; тарифтер жылдын ар кандай мезгилинде жана сутканын ар кандай мезгилинде берилген электр энергиясы жана энергетикалык кызматтардын наркындагы айырманы, ошондой эле керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын түрлөрүнүн жана сапатынын же электр энергиясынын наркындагы айырманы чагылдыргандай белгиленүүгө тийиш. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2011-жылдын 13-июнундагы № 43, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-22)
