# 2-статья. Аныктамалар

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 60 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045612)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2026 [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 60 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045612); 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 24.07.2019 [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946); 20.01.2016 [Закон КР от 20 января 2016 года № 5 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111284); 19.07.2014 [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366); 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906); 15.02.2013 [Закон КР от 15 февраля 2013 года № 20 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203827); 30.11.2012 [Закон КР от 30 ноября 2012 года № 188 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203788); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 146 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203386); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 14 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202700)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/508#diff=1268359..52527>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 2-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-2

---

Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ: Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран; Турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак. Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү; Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар; Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 50 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар; Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы; Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 0,5 МВтдан 50 МВтга чейинки кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялары; Интеграцияланган ишкана - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу жагынан иштин эки же андан ашык түрүн жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик же жеке менчик ишкана; Улуттук электр тармагы - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүүчү каражаттардын системасы; Улуттук энергосистема - иштөө режиминин жалпылыгы менен байланышкан жана диспетчердик кызмат тарабынан борбордоштурулуп оперативдүү башкаруу жүргүзгөн электростанциялардын, гидроэлектростанциялардын, электр (анын ичинде улуттук электр тармагы) жана жылуулук тармактарынын иштеп жаткан комплекси; Бириккен системалар - бир же андан ашык система аркылуу бириктирилген электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү бир катар системалар; Өз муктаждыгы үчүн электр энергиясы - мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак өз керектөөсү үчүн иштеп чыгаруучу электр энергиясы; Негизги керектөөчү - тикеден-тике өндүрүүчү ишканадагы жогорку чыңалуудагы тармактан электр энергиясын сатып алуучу; Берүү - жогорку чыңалуудагы электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө же бөлүштүрүүчү ишканаларга берүү максатында аны электр тармагы аркылуу өткөрүү; Электр энергиясын берүүчү ишкана - электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын берүүчү точкалары менен бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн кошулуучу точкасынын ортосунда электр энергиясын берүүчү ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү - төмөнкү чыңалуудагы электр энергиясы, жылуулук энергиясы бирден-бир бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан берилүүчү түпкү керектөөчү; Бөлүштүрүүчү электр тармагы - электр энергиясын бөлүштүрүү жана аны кошуу точкасына берүү максаттары үчүн кызмат кылган конструкцияларды, жабдууларды жана аппаратураларды камтыган электр өткөрүү тармагы; Бөлүштүрүүчү ишкана - айтылган аймакта керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен жабдуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же физикалык жак; Жогорку чыңалуудагы тармактар - чыңалуусу 35 кВ жана андан жогору болгон электр тармактары жана подстанциялар; Электр менен жабдууга типтүү контракт - кызмат көрсөтүүдө же алууда белгилүү шарттарды сактоого өндүрүүчү, берүүчү, электр энергиясын жана бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы белгилүү укуктар менен милдеттердин тизмеси көрсөтүлгөн макулдашуу; Кошуу точкасы - электр жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүүчү ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Берүү точкасы - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү жана берүүчү ишкананын ортосундагы же берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн ортосундагы менчиктин чеги; Установка - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү милдеттерин чечүүгө багытталып, жабдууларды, курулуштарды, имараттарды жана ага байланыштуу пайдаланылуучу жерди ичине камтыган жай; Энергетикалык кызмат - берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу; Электроэнергия - бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен мүнөздөлгөн, берилген чектердеги анын параметрлерин ар дайым, үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар; Электр энергетикалык тармак - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө же сатууга тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишкананы камтыган структура; Электр станциясы - бардык энергоресурстарды пайдалануу аркылуу электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчү ар кандай станция; Электр жана жылуулук энергиясын берүүчү ишкана - менчигинин формасына карабастан электр же жылуулук энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү, бөлүштүрүүчү же сатуучу ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак; Электр жана жылуулук энергиясын уурдоо - электр жана жылуулук энергиясын тийиштүү уруксат албастан өз алдынча кошуп алуу, керектөө жана берүү; Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика рыногунун катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 146, 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2011-жылдын 26-июлундагы № 146, 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 188, 2013-жылдын 15-февралындагы № 20, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145, 2016-жылдын 20-январындагы № 5, 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-3)
