# 17-статья. Бөлүштүрүүчү ишканалардын жабдууну үзгүлтүккө учуратуу укугу

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 14 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202700)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/508#diff=1268352..1268353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 17-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-17

---

Эгерде керектөөчү энергияны берүү контрактында айтылган мөөнөттүн ичинде акы төлөбөсө, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу бөлүштүрүүчү ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо энергия менен жабдуу контрактында белгиленген шарттарга жана процедураларга ылайык энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга укуктуу. Өндүрүштө үзгүлтүксүз процессти электр менен жабдуу энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу продукция чыгаруунун технологиялык циклин аяктоону караган шарттарга жана процедураларга ылайык ишке ашырылат. Эгерде тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбогон керектөөчү энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөй албаса, ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык анын эсеби төлөнүшү мүмкүн. Берүүчүнүн күнөөсү менен электр же жылуулук менен жабдуу үзгүлтүккө учураса же анын сапаты начарласа керектөөчүлөр Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2013-жылдын 24-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-18)
