# 13-статья. Электр берүүлөрдүн улуттук тармагын тейлөө жана иштетүү

- Документ: [Электр энергетикасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/508)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-январындагы № 8 "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.01.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 декабря 2017 года № 207 (12) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в области землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111704)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.12.2017 [Закон КР от 12 декабря 2017 года № 207 (12) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в области землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111704); 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электроэнергетике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203906)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/508#diff=1268356..1268357>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-477/edition/1268341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/508/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергетикасы жөнүндө, 13-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-13

---

(Биринчи бөлүм КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту) Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр энергиясын иштетүүгө жана анын берилишине жетекчилик кылууга карата мамилесин кошпогондо, секторлорго же географиялык райондорго карата кандайдыр бир монополиялык укукка ээ эмес. Электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси экономикалык натыйжалуу ыкма менен электр энергиясынын өткөрүлүшүн ишке ашырууга, ошондой эле улуттук электр энергетика тармагын жана бириккен энергосистемаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук энергетика программасына ылайык иштетүүгө жана тейлөөгө милдеттүү. Электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси электр берүүлөрүнүн улуттук тармагынан пайдаланууга чектөө киргизүүгө же улуттук тармакты пайдалануучуларга же ага электр энергиясын сатуучуларга негизсиз талаптарды таңуулоого укуксуз. Бирок өзгөчө учурларда электр берүүнүн улуттук тармагы аркылуу электр энергиясын берүүгө лицензиянын ээси адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле электр менен камсыз кылууну улантуу үчүн зарыл болгон ар кандай аракеттерди көрүүгө укуктуу. Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын (турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктеринин) электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат. Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, электр энергетика ишканаларынын көп батирлүү үйлөргө арналган электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат. (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 98, 2017-жылдын 12-декабрындагы N 207 (12) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/508/st-14)
