# Каракол шаардак кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 27-11/2 "Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардак кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 27-11/2 "Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27-11/2
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50700>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5556/edition/772353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/50700.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардак кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 27-11/2 "Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө" токтому (01.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50700

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 1-декабры № 27-11/2 Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын директору И.Шаршекеевдин, Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын директору И.Шаршекеевдин, 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши, канаттандырарлык эмес деп табылсын.

2. КМЖАнын администрациясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 жана 2016-жылдын 29-июлундагы №27-8/3-1 токтомдорун толук көлөмдө аткарбай жатат:

- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 токтомунун, бир айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Жобону иштеп чыгууга милдеттендирген, 6-пунктун;

- унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын, тапшырмаларын.

3. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, КМЖАнын ишин тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөйт жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 жана 2016-жылдын 29-июлундагы №27-8/3-1 токтомдорун толук аткарбай жатат:

1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 токтомунун, бир айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Жобону иштеп чыгууга милдеттендирген, 6-пунктун;

2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясынын КМЖАнын жаңы Уставын иштеп чыгуу боюнча сунушун аткарган жок.

4. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорун толук аткарбагандыгы белгиленсин.

5. Каракол шаарынын мэриясы милдеттендирилсин:

- "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамдын, 44-беренесинин, 1,2,3-пункттарынын негизинде, КМЖАнын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча директорунун иши жөнүндө сунушту Каракол шаардык депутаттар Кеңешине киргизсин;

- Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджет кабыл алынгыча, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине жаңы кирешелердин түшүшүн камсыз кылуу максатында, КМЖАнын ишин жакшыртуу жана башкаруу формасы жөнүндө сунуштарды Каракол шаардык депутаттар Кеңешине киргизсин.

6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

7. Токтом ММКларда жарыялансын.

8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

Төрага

Э. Айсаракунов
