Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардак кеңешинин «Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/2 Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын директору И.Шаршекеевдин, Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр унаа базасынын директору И.Шаршекеевдин, 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иши, канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. КМЖАнын администрациясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 жана 2016-жылдын 29-июлундагы №27-8/3-1 токтомдорун толук көлөмдө аткарбай жатат:
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 токтомунун, бир айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Жобону иштеп чыгууга милдеттендирген, 6-пунктун;
- унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын, тапшырмаларын.
3. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, КМЖАнын ишин тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөйт жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 жана 2016-жылдын 29-июлундагы №27-8/3-1 токтомдорун толук аткарбай жатат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 токтомунун, бир айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Жобону иштеп чыгууга милдеттендирген, 6-пунктун;
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясынын КМЖАнын жаңы Уставын иштеп чыгуу боюнча сунушун аткарган жок.
4. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорун толук аткарбагандыгы белгиленсин.
5. Каракол шаарынын мэриясы милдеттендирилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамдын, 44-беренесинин, 1,2,3-пункттарынын негизинде, КМЖАнын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча директорунун иши жөнүндө сунушту Каракол шаардык депутаттар Кеңешине киргизсин;
- Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджет кабыл алынгыча, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине жаңы кирешелердин түшүшүн камсыз кылуу максатында, КМЖАнын ишин жакшыртуу жана башкаруу формасы жөнүндө сунуштарды Каракол шаардык депутаттар Кеңешине киргизсин.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага
Э. Айсаракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон